Коом
Якутиядан 170 кыргызстандык келди
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Якутиядан 170 кыргызстандык келди
© Элита плюс

Якутиядан Бишкекке 170 Кыргызстандын жараны кайтып келди. 19-июнда «Манас» эл аралык аэропорту Якутия-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамды тосуп алды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесине Якутиянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттер, кош бойлуу аялдар жана балдар, ошондой эле оор илдеттери бар, мекенине кайтууга муктаж болгон адамдар киргизилген.

Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам, эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча чартердик каттамдар уюштурулууда.