Дүйнөдө
WhatsApp байланыш каражатынын иштеп чыгуучулары тиркемеге жаңы өзгөртүүлөрдү киргизишти
Элита плюс
Август 05, 2020 г.
WhatsApp байланыш каражатынын иштеп чыгуучулары тиркемеге жаңы өзгөртүүлөрдү киргизишти
© Элита плюс

WhatsApp байланыш каражатынын иштеп чыгуучулары тиркемеге жаңы өзгөртүүлөрдү киргизишти. Ал жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн аныктыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы функция менен топтук чаттарда жөнөтүлгөн жана көп жолу кайра-кайра даректелген SMS тууралуу кошумча маалымат алса болот. Билдирүүнүн жанында атайын белги пайда болот. Аны басуу менен билдирүүнүн текстин Google издөө тутумуна жиберүү мүмкүн. Муну менен смартфон колдонуучу бул тема боюнча жаңылыкты же маалыматтын башка булагын таап ала алат. Азыркы тапта текшерүү функциясы АКШ, Улуу Британия, Испания, Бразилия, Мексика, Италия, Ирландияда WhatsApp каражатынын акыркы үлгүлөрүндө, IOS жана Android башкарган түзмөктөрдө ишке киргизилген.