Коом
Вируска каршы дарыны алуу маселеси каралууда
Элита плюс
Июль 10, 2020 г.
Вируска каршы дарыны алуу маселеси каралууда
© Элита плюс

Саламаттыкты сактоо министрлиги Россиядан вируска каршы “Авифавир” дарысын алып келүү боюнча маселени талкуулап жатышат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Ал белгилегендей, учурда Орусия тарап менен керектүү дары-дармектер жана керебеттерди, шаймандар менен биринчи камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Өткөн аптада Россиядан келип кеткен өкүлдөр менен да “Авифавир” дарысына байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Медицина илимдеринин кандидаттары, докторлор, профессорлордон турган эксперттик кеңеш бере турган топтор да бул маселенин үстүндө талкуу жүрүзүүдө-деди Акматова.