Коом
ВИДЕО - Садыр Жапаров актёр Азиз Мурадиллаевдин операциясына 42 миң доллар которду
Элита плюс
Декабрь 04, 2022 г.
ВИДЕО - Садыр Жапаров актёр Азиз Мурадиллаевдин операциясына 42 миң доллар которду
© Элита плюс

Өлкө башчы Садыр Жапаров актёр Азиз Мурадиллаевдин операциясына 42 миң доллар берди. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова тарабынан маалым болду.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, бир нече саат мурун сизге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди сактап калуу өтүнүчү менен кайрылган элем. Бир сааттан кийин сиздин атыңыздан 42 миң доллар ооруканага жибердиңиз. Бизди угуп, бүтүндөй өлкө ден соолугуна тынчсызданып жаткан таланттуу актерду куткарууга кам көрүп жатканыңыз үчүн рахмат”, - дейт ал өз кайрылуусунда.

https://www.instagram.com/reel/ClwCEydOjsn/?igshid=MDJmNzVkMjY%3D