Коом
Бир суткада актёр Азиз Мурадиллаевдин операциясына канча каражат чогулганы маалым болду
Элита плюс
Декабрь 04, 2022 г.
Бир суткада актёр Азиз Мурадиллаевдин операциясына канча каражат чогулганы маалым болду
© Элита плюс

Актёр Азиз Мурадиллаевдин учурдагы абалы тууралуу Ассоль Молдокматова маалымат берди: 

"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин абалы оор бойдон калууда. Бардык медициналык чаралар көрүлүүдө. Биздин дарыгерлерге аракети үчүн рахмат.

Сүйлөбөй жатат, бирок суюктук акырындап чыга баштады. Түркиянын, Орусиянын клиникалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Боорду алмаштыруу операциясын жасоого үлгүрүү керек.

Дарыгердин айтымында, учурда учак менен учуу өтө кооптуу. Дарыгерлердин макулдугун күтүп жатабыз.

Бизде убакыт абдан аз. Учурда бир суткада 3270 доллар чогултулду. 45 000 доллар чогултуу керек", - дейт ал.

Азиздин жубайы Эльвира ишеним кат берген бул эсептерге которсоңуз болот:

- Элсом: 0553330431

- Оптима: 4169 5853 4877 4703 (A.Ли)

- 2202202376920157 Сбербанк

- 4377723789917360
Тинькофф
Чукуев Арсен Кубанычбекович