• Тарыхый ажайып жер
Венеция – дүйнөнүн Гете, Байрон, Хемингуэй, Тургенев сыяктуу алптары суктанган шаар. Ошол себептен дүйнөнүн көптөгөн калемгерлери, анын ичинен орустун М.Лермантов, Б.Пастернак, А.Ахматова, М.Цветаева, Ф.Тютчев, И.Брюдский, В.Брюсов, П.Давыдов өңдүү акындары Венецияга ыр арнашкан.
Венеция – Италиянын Венето облусунун борбору. Түндүк Италиядагы эң таң каларлык жана атактуу калаа 6 районду бириктирип, Аппенин жарым аралынын чыгыш жээгинде, дээрлик 122 аралды ээлеп созулуп жатат. Шаарды 160 канал кесип өтсө, 400 көпүрө бириктирип турат.
Каналдардын аркы жана берки жээктеринен түрдүү доордо, түрдүү стилде курулган имараттарды көрүүгө болот. Башкача айтканда, ажайып жерде ар кадам сайын белгилүү тарыхый жайларга кез келесиң. Эң башкысы болуп Сан-Марко чиркөөсү эсептелет.
Керемет кооздугу, романтиканын очогу жана кайталангыс атмосферасы менен Венеция суу үстүнө курулган шаар. Европа шаарларынын ичинен адамды суктандырып жана кызыктырып өзүнө тартып турат. Андагы сонун каналдар, сууда жыбылжый сүзгөн гондолалар, укмуштуудай кооз көпүрөлөр, сарайлар, чиркөөлөр, үйлөрдүн ар бири - архитектуранын шедеврлери. Карнавал жана түрдүү кооз маскалар да Венециянын өзгөчөлүгү.
Аянты – 412 чарчы чакырым. Биздин көгүлтүр Ысык-Көлүбүздөн 15 эсе кичине. Тили – итальян тили Акча бирдиги – евро
Кыскача тарыхы Венеция биздин доорго чейинки 5-кылымдан тартып кыштак болгон. 9-кылымдан бери шаар болуп эсептеле баштаган. 16-кылымга чейин Батыш Европа менен Чыгыштын ортосундагы сооданын ири борборуна айланган. 13-кылымдан тартып олигархиялык өлкө болуп таанылат. 1797-1805 жана 1815-1865-жылдар аралыгында Венеция Австриянын бийлиги астында калат. 1866-жылы расмий түрдө Италиянын провинциясы деп таанылат. Шаардын архитектуралык жасалгалары 14-16-кылымдарда Венеция республикасынын гүлдөө мезгилине таандык. Алар ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилген. Осмон империясынын күчөшү 17-18-кылымдарда Венециянын төмөндөөсүнө алып келип, Наполеон согушунда ал Австриянын бийлигинин астында калган. 1866-жылы Италиянын курамына киргизилген. Азыр ири туристтик жана илим-билим очогу. Нефтини кайра иштетүүчү жана башка заводдору бар. Карнавалдар жана кинофестивалдар дайыма өткөрүлүп турат. Калкынын саны 300 000 адамдан гана ашканы менен туристтер өтө арбын. Венециянын эки бөлүгү Материктик Венеция Кеме куруу, түстүү металлургия, нефтини кайра иштетүү, химиялык жана жеңил өнөр жайлар ушул бөлүгүндө. Айнектен көркөм буюмдарды жасоо, тор токуу да абдан өнүккөн. Аралдардан турган Венеция Бул деңиз курорту, дүйнөлүк маанидеги эл аралык туризм борбору, кино-фестивалдардын, көркөм көргөзмөлөрдүн өтүлө турган орду. Элди ташуу моторлору, суу унаалары, гондолалар (бир калактуу түбү кууш кайык) баржалар аркылуу ишке кирет. Чоң канал – шаардын борбордук суу-унаа артериясы. Узундугу 3 чакырым 800 метр. Академия галереясы 24 залдан турат. Анда Венециянын 14-18-кылымдардагы улуу чеберлери Жованни Беллини, Витторе Карпаччо жана башкалардын эмгектери коюлган. Пегги Гуггенхеймдин коллекциясы – заманбап живопистин чоң жыйындысы. Мында Пикассонун, Дали, Купки, Танги сыяктуу кыл калем чеберлеринин эмгектери сакталган. Мындан башка да көркөм, тарыхты баяндаган кооз жерлери абдан көп. Кыскасы, Венециянын көзгө көрүнүктүү жерлерин саймедиреп айтып берүү кыйын. Андыктан, аны көрүү керек. Ошондо шаар эмне себептен Дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилгенин билесиң. Унаа, ресторандар... Суу таксиси – унаанын эң кымбат түрү. Бир жерден экинчи жерге баруу 10 еврону, ал эми аэропорттон шаардын борборуна жетүү 36 еврону талап кылат. Отелдер шөкөттөлүп, кайталангыс кооз стилде жасалгаланган. Бөлмөлөргө баш бакканда эле конок үйү чыныгы эс алуу жыргалчылыгын тартуулай тургандыгына ынанасың. Көпчүлүк конок үйлөр эски имараттар болгону менен кайталангыс архитектурадан кабар берип турат. Ресторандары түрдүү даамдарга бай. Кайталангыс даам берүүчү европалык жана чыгыш тамак түрлөрү, жалаң балыктан жасалган тамактар, салат түрлөрү. Аянычтуусу... Акыркы 100 жылда суунун деңгээли 33 сантиметрге көтөрүлүп, шаар жыл сайын сууга 5 миллиметрден чөгүүдө. Акыркы 100 жылдыкта суу каптоолор күчтүү болууда. Антсе да анын жашоочулары шаарды сүйүп жана баалап жашоо кечиришет.