Коом
Ушул жылы Бишкекте 19 миңге жакын бала 1-класска барат
Элита плюс
Август 28, 2020 г.
Ушул жылы Бишкекте 19 миңге жакын бала 1-класска барат
© Элита плюс

Быйыл Бишкек шаарында 19 миңге жакын бала 1-класска барат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

"Эпидемиологиялык абал туруктуу болбогон аймактарда окуучулардын саны көп болгон мектептерде балдардын сан 20дан ашкан класстар топторго бөлүнөт. Бишкек шаарынын мектептеринде балдардын саны көп болгондуктан 1-класстар эки топко бөлүнөт. Беш күндүк окуу болуп, мектептеги окутуу негизги сабактар боюнча жүргүзүлөт. Мамлекеттик стандартты аткаруу үчүн калган сабактар онлайн өткөрүлөт. Бишкек шаарындагы мектептердин 1-классынын окуучулары үчүн 1-сентябрь күнү Билим күнү реалдуу режимде өткөрүлөт. Биринчи сабак "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" деген темага арналат", - деди ал.