Коом
USAID ишкер аялдарды колдоого 2 млн доллар бөлөт
Элита плюс
Февраль 16, 2023 г.
USAID ишкер аялдарды колдоого 2 млн доллар бөлөт
© Элита плюс

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) Кыргызстанда аял ишкерлерди колдоого 2 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган агенттиктин администраторунун орун басары Изобел Коулман өлкөгө болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, бул каражат аялдарга жеке балдар борборлорун ачууга жана башкарууга көмөктөшөт. Мындай түздөн-түз ишкер аялдарга колдоо көрсөтүү өлкө боюнча үй-бүлөлөргө жардам берип, региондордогу коомчулуктардын экономикалык коопсуздугун чыңдоого салым кошот.

Мындан мурда Изобел Коулман КР саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен жолугушууда өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын бекемдөөгө 4 млн доллар бөлүнөрүн билдирген. Ал каржылоо өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системасын жана мамлекеттин ден соолукка байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүгө багытталат