Коом
“Унаа” мамлекеттик ишканасы иштеп баштайт
Элита плюс
Август 01, 2020 г.
3-августтан тарта “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бир нече бөлүмдөрүнүн иши кайрадан жанданат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Алар: Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы жана Каракол бөлүмдөрү. Ошондой эле, Талас аймактык бөлүмү, Лебединовка айылында жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмү жана Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Баткен аймактык бөлүмү жана, Баткен шаарында жайгашкан бөлүмү. Бул мекемелер өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантинге жабылган. Мамлекеттик каттоо кызматы социалдык аралыкты сактап, бет кап тагынууну сунуштайт.