Дүйнөдө
Улуу Жеңиштин урматына көргөзмө уюштурулууда
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Улуу Жеңиштин урматына көргөзмө уюштурулууда
© Элита плюс

17-июнь күнү Минск шаарында Беларус мамлекеттик Улуу Ата Мекендик согуштун тарых музейинде “Биздин биргелешкен Жеңишибиз” аттуу көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Аталган көргөзмө Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдыгын майрамдоонун алкагында, КМШнын уставдык жана башка органдарынын алдындагы Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Орусиянын Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн демилгеси менен уюштурулган. КМШ өлкөлөрүнүн Улуу Жеңишке кошкон салымы тууралуу баяндаган экспозиция Беларус мамлекеттик Улуу Ата Мекендик согуштун тарых музейинин жана “Брест-баатыр чеп” аттуу мемориалдык комплексинин жардамы менен даярдалган.