Дүйнөдө
Улуу Британиянын ханзаадасы Гарринин жубайынын боюнан түшүп калды
Элита плюс
Ноябрь 26, 2020 г.
Улуу Британиянын ханзаадасы Гарринин жубайынын боюнан түшүп калды
© Элита плюс

Улуу Британиянын ханзаадасы Гарринин жубайы Меган Маркл боюнан түшүп калганын айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай окуя жубайлар АКШга көчүп барганда, тактап айтканда, июль айында болгон. Ал катуу ооруп жатканынан улам ооруканага кайрылган. Баласы боюнан түшүп калганын уккандан кийин жолдошу экөө бул жоготуу үчүн ыйлашканы жазылат маалыматта.

"Көпчүлүк аялдарда кош бойлуулук бойдон түшүү менен аяктайт. Бирок аны баары эле коомго ачык айта бербейт. Бирок мен бул оор жоготууну силер менен бөлүшкүм келди. Адамдар жашоосунда болуп жаткан оор күндөрүн бөлүшүүсүн каалайм", - деген ал.

Ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл 2019-жылдын май айында уулдуу болушкан.