Дүйнөдө
Улуу Британияда фабрикада иштеген адамдардан вирус чыкты
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
Улуу Британияда фабрикада иштеген адамдардан вирус чыкты
© Элита плюс

Улуу Британиянын сэндвич фабрикасында иштеген 292 адамдан коронавирус аныкталды. Аталган аймак Лондон шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Дүйнөдөгү ири сэндвич өндүрүүчү ишканалардын бири Гринкор учурда кызматкерлердин абалы туруктуу экендигин жана алар изоляцияга алынгандыгын билдирди. Жергиликтүү бийликтин айтымында, 292 адамдын 79унда коронавирус илдети мамлекеттик лабораторияда тастыкталган. Буга байланыштуу фабрика башкармалыгы бардык кызматкерлерди илдетти аныктоочу тесттен өткөрүп, 213 адамдын вирус жуктурганын аныктаган.