Коом
Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө да вирус жетип, 8 бала, 3 эне, 3 медкызматкер жуктуруп алган
Элита плюс
Май 21, 2020 г.
“Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө вирус киргендиги белгилүү. Жыйынтыгында, 120 адам текшерилип, алардын 14дө коронавирус аныкталган. Коронавирус инфекциясын 1 дарыгер, 2 медайым менен борбордо дарыланып жаткан 3 эне жана 8 бала жуктуруп алышкан.
Инфекциянын булагы алдын-ала аныкталып, эпидемияга каршы чаралар жүргүзүлдү. Вирус жуктургандар үчүн обсерватор жана балдарды дарылоо үчүн бөлүм ачылды. Балдар атайын дарылоо курсунан өтүшөт. Ал эми, COVID-19 тастыкталган медкызматкерлер дарылануу үчүн стационарга жайгаштырылат”, - Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.