Коом
Улуттук банк сентябрь айы үчүн төртүнчү жолу интервенция жасады
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Улуттук банк сентябрь айы үчүн төртүнчү жолу интервенция жасады
© Элита плюс

Улуттук банк сентябрь айы үчүн төртүнчү жолу интервенция жасады. Банктын сайтындагы маалыматка таянсак, бул жолу валюта рыногуна 27 млн 950 миң доллар сатылды.

Улуттук банк сомдун курсун туруктуу сактоо максатында жыл башынан бери он үчүнчү ирет интервенция жасады.

9-сентябрда 6 млн 600 миң доллар,  23-сентябрда 11,2 миллион доллар, 25-сентябрда 19,6 миллион доллар сатыкка чыгарылган.

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу быйыл март айында кымбаттаган.

30-сентябрга карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча, 1 АКШ доллары 79 сом 60 тыйын деп белгиленди.

Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 80 сомго чейин чыгууда.