Коом
Улуттук банк мыйзамсыз акча жүгүрткөн жаранга айып салды
Элита плюс
Март 31, 2023 г.
Улуттук банк мыйзамсыз акча жүгүрткөн жаранга айып салды
© Элита плюс

Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзамсыз акча жүгүрткөн жаранга айып салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Билдирүүдө Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын С.И.Т. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынгандыгы айтылат.