Коом
Улуттук банк: Эски акчаларды алмаштырууну жандантты
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Улуттук банк эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, алтын куймаларын жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүнү кайрадан жандантканын билдирди. Маалыматка ылайык, бул иштерди 17-августтан тартып кайрадан жүргүзө баштайт. Аталган кызматтарды аткаруу Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам 8-июлда токтотулган болчу.