Коом
Улуттук банк 6 млн. 600 миң долларды сатыкка чыгарды
Элита плюс
Сентябрь 10, 2020 г.
Улуттук банк 6 млн. 600 миң долларды сатыкка чыгарды
© Элита плюс

Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги онунчу интервенцияны жасады. Улуттук банк 9-сентябрда 6 млн. 600 миң долларды сатыкка чыгарды. 10-сентябрга карата расмий курс 79 сом 8 тыйын деп аныкталды. Ушул тапта жеке менчик банктарда бир доллар 78 сом 60 - 78 сом 90 тыйындан сатып алынып, 79 сомдон 79 сом 30 тыйынга чейин сатылууда. 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган.