Коом
Улуттук банк: 5 миллион 800 миң доллар сатыкка чыкты
Элита плюс
Ноябрь 26, 2020 г.
Улуттук банк: 5 миллион 800 миң доллар сатыкка чыкты
© Элита плюс

Бүгүн, 26-ноябрда Улуттук банк 2020-жылдын башынан бери 22-чи жолу интервенция жасады.

Ага ылайык, валюта базарына 5 миллион 800 миң доллар сатыкка чыгарган.

2020-жылдын ноябрь айында Улуттук банк 17 миллион 350 миң доллар сатты. Ошону менен бир айдын ичинде 9 жолу интервенция жасалды.

24-ноябрда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомдун курсуна ички экономикалык абал таасирин тийгизип жатканын айткан.

Бүгүн, 26-ноябрга карата АКШ долларынын улуттук валютага болгон баасы сатып алууда 84 сом 74 тыйын, ал эми сатууда 84 сом 09 тыйынды түзгөн. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын баасы 84 сом 80 тыйын деп көрсөтүлгөн.