Коом
Улуттук банк 11,2 млн доллар сатыкка чыгарды
Элита плюс
Сентябрь 24, 2020 г.
Улуттук банк 11,2 млн доллар сатыкка чыгарды
© Элита плюс

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенция жүргүздү. Банктын расмий сайтында маалымдалгандай, 23-сентябрда өлкөнүн негизги банкы жалпысынан 11,2 млн долларды сатыкка чыгарды.

Белгилей кетсек, Улуттук банк быйылкы жылдын эсеби менен 11 ирет интервенция жасады. Азыркы учурда АКШ доллары 79,6 сомдон сатылууда.