Эл өкүлү
Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин 3-4-6- чакырылышынын депутаты: “Ата-энем “Эл мүдөөсүн аткарган инсан болсо” дешчү эле”
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин 3-4-6- чакырылышынын депутаты:   “Ата-энем “Эл мүдөөсүн аткарган инсан болсо” дешчү эле”
© Элита плюс
Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин 3-4-6- чакырылышынын депутаты:   “Ата-энем “Эл мүдөөсүн аткарган инсан болсо” дешчү эле”
© Элита плюс
Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин 3-4-6- чакырылышынын депутаты:   “Ата-энем “Эл мүдөөсүн аткарган инсан болсо” дешчү эле”
© Элита плюс
Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин 3-4-6- чакырылышынын депутаты:   “Ата-энем “Эл мүдөөсүн аткарган инсан болсо” дешчү эле”
© Элита плюс
Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин 3-4-6- чакырылышынын депутаты:   “Ата-энем “Эл мүдөөсүн аткарган инсан болсо” дешчү эле”
© Элита плюс

Бүгүн биз сөз кыла турган инсан баштаган ишинин өтөөсүнө чыгып, өжөрлүк сапаты менен ийгиликтерди багындырган, бир топ жылдан бери саясатта жүргөн, калың журтка аттын кашкасындай таанымал, КРнын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер Улукбек Ормонов.

“Ата-энем асылым, бир тууганым бир боорум”

-Балалыктын аруу таза эч нерсеге алмашкыс таттуу күндөрү Ош областынын Өзгөн районунун мурдагы Өзгөн совхозу, азыркы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылында өттү. Боз ала чаң болуп, көчө сапырып ойногон күндөрүбүз азыр дагы көз алдыма тартылат. Биз көп балалуу үй-бүлөдө тарбияланып, чоңойдук. Сегиз бир тууганбыз, үчөө уул, бешөө кыз. Мен бешинчисимин. Эң улуу эжем Апиза мектепте жакшы окуп, алтын медаль менен бүткөн. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы. Азыр деле врач, андан кийинки агам Раимжан каза болуп калды. Айыл чарба институтун бүтүп Өзгөн районунда чоң кызматтарда иштеп жүрдү. Андан кийинки эжем Кыздаркан ден соолугуна байланыштуу үйдө. Ал дагы комсомолдук, райондук кызматтарда иштеп, кийин райондук кеңеште жооптуу катчы болуп эмгектенген. Менден улуу агам Каныбек көп жылдардан бери салык кызматында эмгектенет. Калган бир туугандарым эл катары жашап келе жатышат. Атам Ормонов Зулпукар согуш убагынан баштап, колхоз, совхоз жумуштарында көп иштеп, билим алып партиялык, өкмөттүк кызматтарда күнү-түнү иштегендиктен көп учурда атабызды көрбөй калчубуз. Эртең менен биз тура электе кетип, биз уктаганда келчү. Жумушуна жан дили менен берилип иштеген адам эле. Анын ар бир айткан сөзү бизге закон болчу. Апам үй тиричилиги менен алек болуп бизди карап тарбиялады. Кыздаркан эжем апама тирек болуп бизди окууга жөнөтүп, курсактарыбызды тойгузуп, кийим-кечебизди жууп жардамдашчу. Анын үстүнө улуу эжемди атам интернатка окууга берген. Ошол жакта жатып окуп, үйгө кээде гана келчү. Ал эми, мектеп курагымды айтсам, мектепте да жакшы окуп алдыңкы окуучулардын катарын толуктоого ар дайым далалат кылчумун. Мугалимдер “аракетчил, тырышчааксың” деп жакшы сөздөрүн айтышчу. Алардын айткан сөзү дем-күч берип ансайын алдыга умтулар элем. Айткан нерсемди сөзсүз аткарчумун көк беттик сапатым бар эле. Ошондон улам ата-энем “Бул баладан бир нерсе чыгат. Кийин эл мүдөөсүн аткарган инсан болсо экен” деп калышар эле. Өзүм дагы ушинтип тиленчүмүн.

Студенттик күндөр...

-Мектепти ийгиликтүү аяктадым. Мектепте “4”, “5” деген баага окугандыктан өзүмө өтө катуу ишенич бар эле. Оштогу педагогикалык институт аркылуу Киевдеги Айыл-чарба Академиясына экзамен тапшырып тилекке каршы өтпөй калдым. Мени институтта кал дешти. Бирок, бир жыл айылда айыл-чарба иштеринде иштеп, 1981-жылы Воронеждеги политехникалык институтка өтүп кеттим. Ошентип, мен да студент болдум. Студенттик күндөрдүн бирде кайгылуу, бирде шайыр барактары ачыла баштады. Башында окууга көнө албай үйдү сагынып, кыйналып жүрдүм. Ал учурда азыркыдай телефон деген жок, кат жазышып сүйлөшчүбүз. Көбүнчө үйдөн Кыздаркан эжем менен кат алышып турчумун. Жаңылыктарыбызды кагаз бетине түшүрүп жеңилдеп айылга барып келгендей болуп калчумун. Үйдө акча тартыш болгондуктан, апам баарына акчаны үнөмдөп жеткирчү. Ошондуктан ата-энемден акча сурачу эмесмин. Аларга күч келтирбейин деп, окуудан кийин жумуш таап иштедим. Иштеп атканымды каттан окуп алып, Кыздаркан эжем эч кимге көрсөтпөй ыйлачу экен. Андан сырткары, жакшы окугандыгым үчүн стипендия алчумун. Айтор, өзүмдү-өзүм камсыз кылганга жарадым. Ошентип жүрүп окуу жайды дагы ийгиликтүү аяктадым.

Ийгиликке карай кадам

-Союз учурунда ар бир кадрды атайын даярдап окутуп чыгарышчу. Таш-Көмүрдөгү заводго жаш адистер керек болуп турган. Оштон сегиз бала өтүп, Воронежге окуганы кеттик. Институттагы эң оор факультет физика-техникалык факультети болчу. Сегиз баладан болгону экөөбүз бүтүп келдик. Таш-Көмүрдөгү завод даяр эмес болуп, Бишкектеги прибор куруучу заводго мастер болуп келдим. Ошол кирген боюнча заводдо 2005-жылга чейин 19 жыл талыкпай эмгектендим. Убакыттын өтүшү менен ак-караны ажыратып, бийиктиктерге умтула баштадым. Ар бир ийгилигиме үйдөгүлөр дагы бирге кубанып ортоктош болушат. Кыргызда “жаштын тилегин берет” деген жакшы сөз бар эмеспи. Кудайдын буйругу менен тилегим орундалып, 2005-жылы депутат болуп шайландым. Ал учурда чыныгы тандоо болгон десем жаңылышпайм. Анткени, эжем Кыздаркан ошол кезде аппарат жетекчиси болуп иштечү. Ошондо “сизге бул кызматта иштегенге болбойт. Иниңизге кайсы бир деңгээлде жардам берип коюшуңуз мүмкүн” деп кызматтан бошотуп салышкан. Муратов Тимур экөөбүз экинчи турга чыкканбыз. Алгачкы ирет он беш миңден ашуун добуш менен депутаттыкка өткөм. Чынында таза шайлоо, чыныгы утуш болгон деп айта алам. Ошондо мени колдогон кишилердин кубанганы азыркы күнгө чейин көз алдыма тартылат. Алгачкы ирет телеге чыкканда “туура эмес сүйлөп албаса экен” деп ар бир сөзүмдү толкундануу менен угушчу. Атам менен апам чайыбызды ичер учурлары келгенде каза болуп калышты. Азыр айылга бат-баттан барып туугандарымдан кабар алып турам. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2003-жылдан бери атам Зулпукар Ормондун элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүп келем. Айылдын элине үч күн майрам тартуулайм. Бул күндү айыл адатка айланган майрам катары эсептеп чыдамсыздык менен күтүшөт. Улуттук оюндарга да акчалай сыйлыктар коюлат. Ата-энемди жоктотпой айылдагы эжем маңдайы жарыла кубанып тосуп алат. Айылга барганда жарпым жазылат. Бардык көйгөйдү унутуп айылдын таза-абасынан кере дем алып эс алып келем. Алмагүл БАЗАРБАЕВА