Саясат
Улукбек Марипов Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат
Элита плюс
Март 12, 2021 г.
Улукбек Марипов Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат
© Элита плюс

Кыргыз  Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов 12-13-март күндөрү жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.

Мындан тышкары ал Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бир нече социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.