Коом
Улан Ниязбеков Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолукту
Элита плюс
Апрель 14, 2023 г.
Улан Ниязбеков  Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолукту
© Элита плюс

2023-жылдын 14-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содном мырза менен жолугушуусу болуп өттү.
Мындан тышкары, жолугушууга Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кичи-элчиси Гендендарам Эрдэнэбат катышты.
Улан Ниязбеков Ганхуяг Содном мырзага Ички иштер министрлигине болгон иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, монгол тарап менен кызматташууга чоң маани берерин белгиледи.
Жолугушууда укук коргоо иши жаатындагы кызматташтыкты жана маалымат алмашуу боюнча кызматташууну арттыруу талкууланды.
Өз кезегинде, Ганхуяг Содном мырза өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгын ырастады.
Жолугушуунун жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, тиешелүү маселелер талкууланды. Ошондой эле кыргыз-монгол мамилелерин мындан ары чыңдоо маселелери каралды.

ИИМдин Басма сөз кызматы.