Коом
Улан Ниязбеков ИИМдин жалпы жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктады
Элита плюс
Март 20, 2021 г.
Улан Ниязбеков ИИМдин жалпы жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктады
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин жалпы жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө министрдин куттуктоосу:

“Урматтуу ички иштер органдарынын ардагерлери, кызматкерлери жана ички аскерлеринин жоокерлери!

Сиздерди келе жаткан Нооруз майрамы менен ак дилимден куттуктаймын!

Жыл сайын жазында бүткүл эл майрамдоочу Нооруз берекенин, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп калды.

Нооруз майрамында элибиздин тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке, ак эмгекке чакырган аруу каалоо-тиректериңиздер ишке ашышына тилектешмин. Ушул кубанычтуу майрам күнү жергебизде бейпилдик, токчулук болуп, улуу Нооруз күнү жаралган ыйык жана таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн.

Жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, ишенимге жана турмуштук күч-кубатка толтура берсин!

Сиздердин үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!

Майрамыңыздар менен!”