Саясат
УКМК: Тилек Матраимов кармалды
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
УКМК: Тилек Матраимов кармалды
© Элита плюс

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана анын тууганы кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тилек Матраимов бүгүн 7-октябрь күнү Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү үчүн дарыяны кечип, Өзбекстандын чек арасына өтүп баратканда колго түшкөн. Тилек Матраимовдун жанында агасы Искендер Матраимовдун уулу жана жансакчысы болгон.

Учурда алар өзбек чек арачыларынын көзөмөлүндө турат. Кармалгандарды кыргыз тарапка өткөрүп берүү маселеси сүйлөшүлүүдө.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси.