Коом
УКМК: Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемасына тиешеси бар 40тай адам аныкталды
Элита плюс
Октябрь 19, 2020 г.
УКМК: Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемасына тиешеси бар 40тай адам аныкталды
© Элита плюс

Улуттук коопсуздук кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов жана башка кызматкерлери тарабынан республиканын бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштерин улантууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, тергөө органдары Матраимовдун жакын чөйрөсүнө кирген жана коррупциялык схемага катышкан 40ка жакын адамды аныкташкан.

"Иликтелген адамдардын кайсыл жерде жүргөнү белгилүү, алардын коррупциялык схемага катыштыгын тактоо иштери жүрүп жатат", -  деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ГТСтин ишин текшерүүгө, мамлекеттик бюджетке жана кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу адамдарга келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат.