УКМК: Марат Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү келтирген зыяндын ордун толтурду
Элита плюс
Апрель 01, 2021 г.
УКМК: Марат Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү келтирген зыяндын ордун толтурду
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү келтирген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМК Кылмыш-жаза кодекстин 323-беренесинин (“Мыйзамсыз баюу”) негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которду. Ал эми калган бөлүгүн келтирилген зыяндын көлөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөй тургандыгын маалымдайт.

Эскерте кетсек, Марат Аманкулов кызмат ээлик кылган учурда мыйзамсыз баюу, ошондой эле тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөй коюуга шектелген.

Аманкуловдун жакын туугандары жана башка адамдар тарабынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышкандыгы жана алардын жалпы баасы расмий кирешелеринен бир нече эсе ашыкча экендиги аныкталган.

Кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн белгилерин жашыруу максатында активдерин кирешелери расмий тастыкталбаган жакын туугандарына каттаткан. Мүлктү легалдаштыруу максатында банк мекемелеринде кредиттик насыя алуу жолу менен активдерди жакын туугандарына каттаганы аныкталган.

Ал 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү болжолдонууда.

Эскерте кетсек, Марат Аманкулов Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган.