Коом
УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын инспектору кармалды
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын инспектору кармалды
© Элита плюс

Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча Салык кызматынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. 

Маалыматка ылайык, “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчилиги тарабынан ири суммадагы акчаны чыгарып алууга байланыштуу бир катар кылмыш иштери боюнча сотко чейинки тергөө иштери улантылууда.

14-августта кармалган башкы инспектор бийлик өкүлү болуп туруп, “Кыргыз Темир Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын тендерлерине катышкан компанияларды коргоп жана байланышта блгон, ошондой эле  аталган коррупциялык схеманын иштешинде негизги ролду ойногон.

Учурда “Коррупция” беренесинин негизинде камакка алынды.