Коом
УКМК: Курсан Асанов кармалды
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
УКМК: Курсан Асанов кармалды
© Элита плюс

Массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча Курсан Асанов кармады. Бул Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. “Массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча 10-октябрь күнү УКМК менен ИИМ ыкчам издөө иш-чараларын өткөрүп Курсан Асановду кармады”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда башка катышуучуларды кармоо иштери улантылып жатат.

Эске сала кетсек, буга чейин массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, жан сакчылары Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев кармалган.