Дүйнөдө
Ухан вирусу дүйнөдө
Элита плюс
Ноябрь 05, 2020 г.
Ухан вирусу дүйнөдө
© Элита плюс

Дүйнө жүзүндө бүгүн, 5-ноябрга карата коронавирус инфекциясын 48 миллион 5 миң 784 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 31 миллион 830 миң 497 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 224 миң 111 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 9 миллион 480 миң 195 адамдан коронавирус аныкталды. 233 миң 633 адам каза болсо, 3 миллион 743 миң 527 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 313 миң 876 адамдан аныкталды. 123 миң 611 адам каза болсо, 7 миллион 656 миң 478 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 590 миң 25 адам вируска кабылган. 161 миң 106 бейтап көз жумса, 5 миллион 78 миң 162 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.