Коом
Учурда 90 кишинин абалы оор, анын ичинде 14 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат
Элита плюс
Июль 09, 2020 г.
Учурда 90 кишинин абалы оор, анын ичинде 14 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат
© Элита плюс

 Кыргызстанда коронавирус жуктурган 90 кишинин абалы оор, анын ичинде 14 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда 610 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.

“90 кишинин абалы оор, анын ичинде 14 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. 374 бейтаптын абалы орточо оор жана 146 бейтаптын абалы канааттандыралык. Ошондой эле оорунун байкалбаган 5 миң 68 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-июлга карата коронавирус жуктурган 361 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8847ни түзөт. Алардын ичинен 3053 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 116 адам каза болду.