Коом
Учурда 154 кызматкер мектептердин айланасында нөөмөттө турушат
Элита плюс
Сентябрь 03, 2020 г.
Учурда 154 кызматкер мектептердин айланасында нөөмөттө турушат
© Элита плюс

Жаңы окуу жылы башталып, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу 1-класстын гана окуучулары мектепке барууда. Алардын жоло жүргөң учурундагы коопсуздугун камсыздоо максатында милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери мектептин аймагында кызмат өтөп, жол эрежелерин түшүндүрүү боюнча балдарга сабак өтүп жатышат. Учурда 154 кызматкер мектептердин айланасында нөөмөттө болууда. 1-сентябрга карата кайгуул кызматы тарабынан борбордогу мектептердин аймагындагы жол белгилердин, өтмөктөрдүн жетишсиздиги боюнча иш жүргүзүлүп, оңдолду.