Саясат
Убакытты уттурбоонун усулу
Элита плюс
Октябрь 18, 2021 г.
Убакытты уттурбоонун усулу
© Саясат

Пенсия курагына келип калган жарандардын топтой турган документтеринин географиясы ар кыл. Анткени, алар бир кезде иштеген ишкана – мекемелери республиканын ар аймагында болуп калышы ыктымал. Ал эми азыркы мезгилде миграциялык жагдайдардын да буга таасири бар. Ушундай негиздерди эске алганда ашыкча убаракерчитиктерден арылуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору бар. Ал “КР Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү. Бул багытта кеңири маалымат берип, Жогорку Кеңеш депутаты Аалы Карашев "Парламент" радиосунда болду.

Талкуудагы мыйзам долбоору боюнча 1996 – жылга чейинки иштеген жерлерин тастыктоочу маалымкаттарды чогултуу чаралары жокко чыгарылса, пенсияга документ даярдоочулардын түйшүгү азаймак. Жалпысынан, жаш курагы боюнча пенсияга чыгуучулардын көрсөткүчү бүтүндөй пенсия  ала тургандардын 70%ын түзөт. Бул аялзаты үчүн 58 жашка, эркектер үчүн 63 жашка келгендерге мүнөздүү, - дейт депутат.

Пенсиянын орточо коэффициент менен эсептелиши бардык жарандар үчүн бирдей болот. Эгерде андагы эсеп көрсөткүчүнө макул болбогондор кезиксе, алар 3 жыл аралыгында документтерин текшерип, тариздеп алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Бара – бара заманбап технологиянын жетишкендиктери аркылуу телефонуна маалымат келип, туулган күнү менен куттуктоо алган пенсия курагына келип калган жарандарыбыз өз эсептериндеги пенсия суммасын да электрондук вариантта билип алгыдай деңгээлге жетишибиз керек, - дейт эл өкүлү.

Өмүрүн мамлекет үчүн берген жашы пенсия курагына келип калган жарандарыбызга жеңилдетилген шарт түзүп берүү – ушул сунушталып жаткан мыйзамдын негизги маңызы, - деди А.Карашев.