Саясат
Убада унутта калбасын
Элита плюс
Октябрь 13, 2021 г.
Убада унутта калбасын
© Кипариса Сурахманова

 

 

Заманбап цифрализациялык эсеп – кысап иштери көмүскө экономикага бөгөт койгон негизги жаңы усул.

“Экономиканын өсүш алуусу - калктын жашоо шартын оңдоого болгон башкы кадам. Буга жаңы курамдагы Министрлер кабинети ишенимдүү убада берип жатат. Бул жолку жыйында депутаттар өлкө өнүгүүсүнө өбөлгө болчу кандай кадамдар жасалаарын тактап, бир топ суроолоруна жооп алышты. Андагы энергетика тармагындагы опурталдуу тобокелчиликтер орун албайбы? – деген суроого тынчсыздануунун кереги жок, - деп айтылды. Мындай шарт болгон соң, өндүрүш, өнөр – жай, кайра иштетүү тармактары талаптагыдай  иштеп, экспорттук потенциалын чыңдоого багыт алат”, - дейт Жогорку Кеңеш депутаты Айнура Осмонова бүгүн, 13 – октябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ошондой эле депутат, - жер, суу ресурстарынын рационалдуу пайдаланылышы өнүгүүгө негиз болорун айтып, мөөнөтү өткөн импорттук азык – түлүктөрдөн арылуунун аргасын табышыбыз керек, - дейт.

“Айлык маяналардын инфиляцияны кууп жете албай жатканы жарашпай турган  жагдай. Бул жагынан да келген Министрлер кабинетинин курамы кур убада бербей, маселени өз маалында жөнгө сала тургандыгын айтты”, - дейт А.Осмонова.

 

Даярдаган: Кипариса Сурахманова