Маданият
Талас шаарында Тоо театрларынын II Республикалык фестивалы өтөт
Элита плюс
Май 21, 2023 г.
Талас шаарында Тоо театрларынын II Республикалык фестивалы өтөт
© Элита плюс

22-25-май күндөрү Талас жергесинде Тоо театрларынын II Республикалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль КР Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын 15 жылдыгынын урматына арналат.

Анын алкагында Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында республиканын аймагындагы бардык театрлар т.а. Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры, Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры, А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театры, К. Акыев атындагы Жумгал райондук музыкалык драма театры жана А. Токпанов атындагы Жамбыл облустук Казак драма  театры Талас  облусунун тургундарына спектакль тартуулашат.

Талас облустук драма театры конокторду жана театр күйөрмандарды күтөт.