Коом
Тышкы сооданын көлөмү азайды
Элита плюс
Август 12, 2020 г.
Тышкы сооданын көлөмү азайды
© Элита плюс

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-июнь айларында 2 млрд 577 млн 400 миң доллар болуп, 2019-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 22,4 пайызга төмөндөдү.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, экспорт 2,4 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр 32,2 пайызга кыскарды.

Быйыл алты айда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соодасынын көлөмү 1 млр 54 млн 800 миң долларды түздү, бул 2019-жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу 17,3 пайызга азайган.

ЕАЭБ менен экспорттук жөнөтүүлөр 25 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр 15 пайызга төмөндөдү.