Коом
Тышкы иштер министрлиги жарандарды алыс жолго чыкпоого чакырды
Элита плюс
Июнь 24, 2020 г.
Тышкы иштер министрлиги жарандарды алыс жолго чыкпоого чакырды
© Элита плюс

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Орусияда абал турукташканча калып туруусун, жана орус-казак чек арасына өтпөөгө чакырат, анткени коронавирустун абалы турукташмайынча чек аралар жарандардын транзиттик кыймылы үчүн жабык экенин дагы бир жолу эскертет. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Кыргызстандын бир катар жарандары жеке адамдардын жалган чакырууларын кабыл алып, орус-казак чек арасына барууда. Учурда алар Орусиянын Саратов, Самара жана Оренбург облустарында жайгашкан чек араларда калышты. Азыркы күндө чек ара жабык болгондуктан турмуштук оор кырдаалга туш болушту.