Саясат
Тышкы иштер министрлери чек ара маселесин талкуулашты
Элита плюс
Сентябрь 10, 2020 г.
Тышкы иштер министрлери чек ара маселесин талкуулашты
© Элита плюс

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 9-сентябрда Москва шаарында өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен жолукту. Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси тараткан маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жыйынтыктоо иштерин талкуулашты. Маалыматта экономикалык алакага жана чек арадагы маселелерге көбүрөөк көңүл бурулганы айтылат. 27-августта Ташкентте Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары деңгээлиндеги кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулаган. Анда Мадумаров коронавирус илдетинен жана башка себептерден улам, кыргыз-өзбек чек арасын тактап, аныктоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын иши жайлап калганын айткан. Кыргызстан менен Өзбекстандын 1 миң 378 чакырымдык чек арасынын 1 миң 170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени кабарланган. Азыр сүйлөшүүлөр ошол 10% жана калган 5% тилке жөнүндө болуп жатат.