Спорт
Тыныбекова өмүр бою стипендия алат
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
Тыныбекова өмүр бою стипендия алат
© Элита плюс

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою төлөнүүчү стипендия алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 26-июндагы токтомуна ылайык, учурдагы дүйнө чемпиону ай сайын 20 миң сомдон стипендия алат.

Өмүр бою төлөнүүчү стипендияны спорттун Олимпиадалык түрү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон бардык спортчулар алат. Учурда Тыныбекова өлкөдө бул категориядагы жалгыз дүйнө чемпиону. Ал 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетип, Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Бул стипендияны Тыныбекова учурдагы жетишкендиктери үчүн алып жаткан жана келечекте дагы ала турган стипендиялардын мөөнөтү бүткөндөн кийин алып баштайт.

Токиодо 2021-жылы өтүүчү Олимпиадада Айсулуу Тыныбекованын мелдеши 3-августта өтүүсү күтүлүүдө.