"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Залкарлар
Тынчтыкбек Чоротегин: «Биз сага күйөрманбыз, Дөкө...»
Элита плюс
Ноябрь 03, 2020 г.
Тынчтыкбек Чоротегин: «Биз сага күйөрманбыз, Дөкө...»
© Элита плюс
Тынчтыкбек Чоротегин: «Биз сага күйөрманбыз, Дөкө...»
© Элита плюс
Тынчтыкбек Чоротегин: «Биз сага күйөрманбыз, Дөкө...»
© Элита плюс
Тынчтыкбек Чоротегин: «Биз сага күйөрманбыз, Дөкө...»
© Элита плюс

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 12-ноябрь күнү эс албай, тамактанбай, ордунан жылбай алынын жетишинче, узак убакытка чейин "Ала-Тоо" аянтында тынбай Манас айтып Гиннестин рекорддор китебине кирүүнү көздөөдө.

Мындай иш чара өлкөдө биринчи жолу болуп жаткандыктан, көпчүлүк эл жапырт колдоого алып, манасчы Дөөлөт мырзага күч-кубат берип турган чагы. Алардын катарын толуктан публицист, журналист жана тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин «Дөөлөт,  сары май жаныңда болсун. Логистикасын да тактоо керек. Качандыр бир ушундай аракет болушу керек эле. Суук тийбегендей, ысып кетпегендей, аба ырайына, кечки, күндүзгү табигый шарттарга ылайык, көздү күн нуру уялтпагандай, жамгыр тийбегендей кырдаал керек. Манасчы сүрөөндү да самайт, аудиторияны сезип турушу абзел. Бул жагын да эске алып, угуп турган калайык улам бири-бирин алмашыргандай болууга тийиш. Биз сага күйөрманбыз, Дөкө...» деген маңыздуу кеп-кеңешин фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып чыкты.

Эске салсак аталган иш чара 12-ноябрь күнү саат 09:00дө башталат.  Каалоочуларды аянтка келип Манас угуп, манасчы Дөөлөт Сыдыковго колдоо көрсөтүүгө чакырабыз.