Коом
Туристтик сезонго карата "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө бекетинде даярдыктар жүрүүдө
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Туристтик сезонго карата "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө бекетинде даярдыктар жүрүүдө
© Элита плюс

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө бекети туристтик сезонго даярдыгын көрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда "Каркыра" бекети жабык бойдон турат. "Учурда баары этап-этабы менен ачылып жатат. Ал бекетте эми санитардык-карантиндик пост болушу керектелет. Ошондой эле медкызматкер иштеп-жашай турганга шарт түзүлүшү керек. Биз даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. ӨКМ тарабынан ал жерге 2 үй көчүрүлүүдө. "Каркыра" бекети эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн макулдашуусунун кийин ачылат. Ал эми биздин милдет баарын даярдап коюу", - дейт ал.