Залкарлар
Турганбүбү БООБЕКОВА, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Таланттын учкуну мага дайыма дем, кубат берет”
Элита плюс
Сентябрь 02, 2020 г.
Турганбүбү БООБЕКОВА, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:  “Таланттын учкуну мага дайыма дем, кубат берет”
© Элита плюс
Турганбүбү БООБЕКОВА, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:  “Таланттын учкуну мага дайыма дем, кубат берет”
© Элита плюс
Турганбүбү БООБЕКОВА, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:  “Таланттын учкуну мага дайыма дем, кубат берет”
© Элита плюс
Турганбүбү БООБЕКОВА, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:  “Таланттын учкуну мага дайыма дем, кубат берет”
© Элита плюс
Турганбүбү БООБЕКОВА, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:  “Таланттын учкуну мага дайыма дем, кубат берет”
© Элита плюс
Турганбүбү БООБЕКОВА, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:  “Таланттын учкуну мага дайыма дем, кубат берет”
© Элита плюс

    Бийик талант ээси, жөнөкөй, жайдары инсан Турганбүбү Бообекованын ар кыл темадагы ак дилден чыккан ойлорун уктук.

  Көп жылдык жашоо багытында сиздеги баалуулук туурасында сөз кылсак?

– Көөдөнүмдөгү теңдешсиз улуу чыгармачылык күч, дарамет өмүрүмдүн көркөмдүү гүл бакчасы болду. Мунун өзү чоң байлык, теңдеши жок улуулук. Чыгармачылык толкун менин демим, оюм жана азыктануум катары саналат. Дүйнөмдө орун алган оргуп-ташкан таланттын учкуну мага дайыма дем, кубат берет.

Адашкан кездер болот. Андайда өзүм менен өзүм сүйлөшөм. Өзүмдү-өзүм сындап жазалайм, күнөөлөп тарбиялайм. Кээде чыгармачылыктын жан дүйнө сапарында ачка болуп, алсыраган кезде өнөр сапарындагы күч-кубатым менен өзүмдү азыктандырам, кайраттанам, алга карай умтулам.

Анан сөзсүз адам катары, эне катары менин чоң бактым – бир кыз, бир уулум бар. Талант жана балдарым болгон тагдырым жашоомдун негизин түзөт.

– Түйшөлүү, кубануу катарлаш жүрөт. Бул сабактан кандай өттүңүз?

– “Адам катары да, эл сыймыктанган чыгармачыл инсан катары да таза, түз, акыйкат жашоо керек” деген принципти тандап алгам. Ата-энемдин көзүн көрбөй калдым. Мен алардын ой-мүдөөсүн, максат-тилегин орундатууну башкы милдетим деп эсептейм.

Бүтүндөй өмүрүм театр менен тыгыз байланышкан. Ансыз мен өз жашоомду көрксүз, өтө эле супсак элестетем.

Биз адамдардын образына кирип, алардын жан дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, ой-туюмун чагылдырып, ачып беребиз. Демек, майда-барат, төмөн көрүнүштөрдөн алыс туруп, абийир жана жоопкерчилик жагынан бийик жана таза болушубуз шарт. Кесибибиз дал ушул милдетти талап кылат.

 Ушул жаатынан алганда, бир топ азаптарга, керек болсо кордоого, кемсинтүүгө туш болуп калган кыйын кезең да кездешет. Эгер мен чыгармачылык бийиктикти туу тутпаганда, башкалардай куулук-шумдук менен күн кечирип, хамелеондой кубулуп турсам, сыйлык-наамга көмүлүп, жасалма урмат-сыйдын үстүндө жүрөт белем. Бирок менин жан дүйнөм, турмуштук философиям, көңүлүмдөгү улуу идеяларым мени эч качан жеңил, ыплас жолго багыттай албайт. Эмгек жерде калбайт. Жараткан бар, ал баарына тең. Баалуу идеяларга сугарылып, канчалаган эң жагымдуу минута-сааттардын, күндөрдүн күбөсү болдум. Өмүрүмдүн өзгөчө кымбат көз ирмеми, менин түгөнгүс кубанычым – ушул күнгө чейин мени сатпай, дайыма ардактап келе жаткан көрүүчүлөрүм, айныгыс жакын күйөрмандарым бар. Мындай бакыттын алдында пендечилик, майда-барат ызакордук, терс көрүнүштөр таптакыр суу кечпей калат тура. Чыныгы күйөрмандарды табуу, алардын урмат-сыйына ээ болуу жана он эки мүчөңдүн аман болгондугу эле башкы кубаныч, сыймык деп түшүнөм.

Чыгармачыл адамды качан гана эл кабыл алган учурда ал өчпөс сыймыкка, атакка ээ боло алат. Аздыр-көптүр ийгилик жаратып “мен, бир гана мен!” деп төшүн кагууну туура эмес көрөм. Айрыкча “мен!” дегендерден абдан уялам.

– Ачык-айрым, шайыр мүнөзүңүз жакшы маанай жаратып, татаалдыктарды жеңүүгө алгачкы жардамчыңыз болсо керек?

– Адам тагдыры көп түрдүү картина менен коштолгон. Жаш өткөн сайын же кадам сайын учураган  жашоонун кыйынчылыгынан, көйгөйүнөн улам оптимисттик көз караш мокоп калган учур да болот. Менимче, бул туура эмес. Жашоомдо оорчулук боло калганда мен аны жеңүү үчүн өзүмө 2-3 жума убакытты белгилеп коём. Ушул убакыт ичинде сынам, чөгөм, түшөм. Анан жамандыкты, кордоону, кырсыкты да унутуп, кайрадан кайраттанып, өзүмдү-өзүм дарылап, күч топтоп, алдыга карай арыштайм. Тазаланып, ойлорумду иретке келтирип, кайра баарын жаңыча баштаганга аракет жасайм. Ансыз алдыга жылуу, жакшылыктарга умтулуу мүмкүн эмес.

– Таланттуу адамдардын жеке жашоосу көпчүлүк учурда табышмак бойдон калат. Балким, бул алардын улуулугунун бир сыры болсо керек?

– Артисттердин тагдырынын татаал болуп калышы да кесибине байланыштуу. Маселен, биздин театрда айымдардын 70-80 пайызы жалгыз жашайт. Артист болуу аялзаты үчүн жеңилге турбайт. Табышмактуулугу – актрисалардын дээрлик көпчүлүгү жалгыз калат.

Анан да биз элден алысыраак болобуз. Кесибибизге байланыштуу жакшылык-жамандыкта жакындарыбызга өз маалында бара албай катыш жагынан аксап калабыз. Назик туюм келебиз. Ал гана эмес, биз өзүбүзгө-өзүбүз табышмактуу сезилебиз. Бул себептен жашообуз татаал, ошол эле учурда жагымдуу жана кызыктуу.

– Жемиштүү жетишкендиктин ачкычын сиз кантип таба алдыңыз?

– Бала кезде жетимчиликти баштан кечиргенгеби, айтор, “Өзүңө-өзүң ишенип жаша!” деген урааным бар. Кийин чыгармачылык сапарымда да “жетимчиликти”, “өгөйлөөнү” көп көрдүм. Майтарылган жокмун. Болгону талбаган эмгек, изденүү аркасында өз күчүмө гана таянып келе жатам.

Мен үчүн жоопкерчилик менен эмгек башкы орунда турат. Театр ар түрдүү цехтен куралат. Алсак, жарык берген, гримдеген, вахтада отурган жумушчулардын эмгеги биздин ийгилигибизге түздөн-түз ортоктош десем туура. Абийирим алдында, Жараткан алдында да мен дал ошол жан дүйнөсү жөнөкөй, жасаган иш-аракети өтө чоң адамдардын ишенимин актоону башкы орунга коём.

– Бир топ образ жараттыңыз. А турмушта өзүңүзгө кандай мүнөз ыйгарасыз?

– Айталык, терс сапатты жаратуу үчүн сенде да кандайдыр бир деңгээлде так ошол сапат, мүнөз болууга тийиш. Эгер андай кулк-мүнөз жок болуп, аны жөн гана элестетүү менен ойноп койсоң, ал роль толук ачылбай, чийки болуп калышы мүмкүн. Сахнада болгон кулк-мүнөз, жүрүш-туруш эмне үчүн турмушта кездешпейт экен? Кездешет. Мен өзүмдү жакшы адаммын деп ойлобойм. Учуру келгенде менде терс сапаттар да пайда боло калат. Мындан улам жатарда ар убак колумду боорума алып Кудайдан кечирим сурайм.

– “Сүйкүмдүү аял картайбайт да, картайтпайт” деп Максим Горький эң жакшы айткан. Деги эле татыктуу аялзаты кандай болушу керек?

– Чебер жазуучу, акын, драматург Максим Горькийдин чыгармачылыгын туу тутам жана аны аялзатынын жан дүйнөсү менен кошо жашаган сүрөткер катары элестетем.

А өзгөчө жарык чачкан жылдыздуу аялзаты анын жан дүйнөсүнүн сулуулугунда, бийиктигинде деп билем. Мындай асылзаада айымдар дүнүйөкорлукка барбаган, майда-баратка көңүл бөлбөгөн, турмуштагы ажылдашкан абысындын деңгээлинен бийик турган, энелик касиети күчтүү, ак сөөктүк канында жүргөн, эбегейсиз акылга ээ, салмактуу, сымбаттуу, келишимдүү улуу жандар деп ойлойм.

– Театр өнөрүнө ак дилден кызмат кылган чыгаан инсан Николай Коляда менен кездешүүңүздөгү эң кубанарлык көз ирмем эсиңизде калганын айткан элеңиз...

– Андан бери бир канча жыл өтсө да ал учур менин көңүлүмдө жашап калды. Екатеринбургга барарым менен жатаканадан орун алып, кийимдеримди алмаштырдым да, белгилүү драматург, прозаик, театр режиссёру Николай Колядага жолугууга камындым. Ал киши театралдык институтта сабак берерин билчүмүн. Институтка жеткенде кечки саат 20.00 болуптур. Студенттерден сураштырып Коляданы тез эле таап алдым. Бүтүндөй жашоосун театрга арнап койгон бул адам кеч киргенине карабай студенттерге лекция окуп отуруптур. Ал адегенде мени тааныган жок. “Саламатсызбы, Николай Владимирович?!” - деп күлүмсүрөп карап калдым. Ошондо гана: “Оо!” – деп кубанычтан кыйкырып жиберди да, жетине албай мени студенттерине тааныштырып кирди. Көңүлүмдү көтөргөн кездешүү болду. Чыгармачылыгыма кубат болчу баалуу сөздөрүн айтып отурду орус эли суктанган таланттуу инсан. Андан соң бир күнү Николай Владимировичтин театрына барып спектакль көрүп кайттык. Ал жерден мени: “Кандай гана келишимдүү, эң сонун, эң жакшы актриса! Союз убагы болгондо, Турганбүбү менин театрымда спектаклде ойномок. Бир гана өкүнүчүм, азыр ага мүмкүн эмес”, - деп ошончо элдин алдында жылуу пикирин билдирди.

– 2008-жылы сиздер “Коляда PLAYS” эл аралык театралдык фестивалына катышып, чоң кубаныч менен кайткансыздар. Ошондо өнүккөн мамлекеттен барган театр өнөрпоздорун кантип багындыра алдыңыздар?

– Жеңиш биздин чыгармачыл топтун туура топтолгондугунан улам жаралды деп ойлойм. Чакан топтун эмгеги эч кандай эсептешүү менен чектелбей, ар бири эңсеген, чыгармачылык ырахат алыш үчүн жасалган аракет болду. Биз бири-бирибизге ак ниет каалап, жакшылыгыбызды арттырдык десем туура болот. Бир ой, бир максат бизди бириктирип турду. Таза тилек, таза ой бизди жеңишке жеткирди. Кызык жери, барган жерибиз да биздин ой-мүдөөбүзгө үндөшүп калды. Фестивалдын уюштуруучусу Николай Владимирович Коляда да акча, мансап, байлык менен дем албаган, чыгармачылык бийиктик менен гана жашаган керемет адам экен. Бардыгы адилет өттү. Биз мындай калыстык болуп чыныгы чыгармачылык бааланарын ойлогон эмеспиз.

– Сиздердин аракетке Николай Коляда өзү, театр сынчылары жана көрүнүктүү акын Евгений Александрович Евтушенко да жылуу көз карашта болгондугун уккан элек. Поэзиянын кайраткери сизге кандай таасир калтырды?

– Орус элинин сыймыгы, акын, прозаик, публицист, көп кырдуу талант Евгений Евтушенко - чыгаан жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен чыгармачылык деңгээли бирдей салмактагы инсан. Прозада Айтматов багынткан чокуга поэзияда Евтушенко жетти десек жарашат. Алар өтө жакшы мамиледе экен. Чыңгыз Төрөкулович дүйнө салганда: “Мен өзүмдүн жарымымды жоготтум!” - деп катуу мүңкүрөгөн эле улуу акын. Мындай сөз эң эле жакын делген адамга айтылат го. Бул ой бизге да эң күчтүү таасир берди. Анан да Евгений Евтушенко биздин спектаклди тандап көргөндүгү биз үчүн сөз менен жеткире алгыс сыймык болду. Чыгармачыл адамдар ушундай көз ирмемдик бакыт үчүн жашайбыз да.

– Азыр эмне менен алексиз?

– Билгендеримди студенттерге үйрөтүү – негизги милдетим. Педагог катары изденип, түндүн бир оокумуна чейин иштеп отурам. Албетте, өмүрүмдөгү куттуу жай катары эсептелген театрдагы ишмердүүлүгүм да өз сапарын улантууда.

Анан үйдөгү неберелер - менин эрмегим. Алардын бактысын тилеп, кубанычтарына тең орток болуунун өзү жашоонун чоң кереметин сездирип, алдыга карай багыттайт.

 

 

Медер БЕРДИЕВ