Коом
Түштүк Кореяда жана Вьетнамда жүргөн 42 кыргызстандык жаран келди
Элита плюс
Июнь 24, 2020 г.
Түштүк Кореяда жана Вьетнамда жүргөн 42 кыргызстандык жаран келди
© Элита плюс

Түштүк Кореяда жана Вьетнамда жүргөн 42 кыргызстандык жаран Бишкекке келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чартердик каттам Түштүк Кореянын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында уюштурулган. Учуп келген бардык жарандар медициналык талаптарга ылайык, обсервацияга алынат. Май, июнь айларында Түштүк Корея аркылуу Вьетнам, Филиппин, Жапония өлкөлөрүнөн жүзгө жакын кыргызстандык келген. Тышкы иштер министрлиги учурда чет мамлекеттерден үйүнө кетүүнү
каалаган кыргызстандыктарды алып келүү аракеттери уланып жатканын кабарлоодо. Февраль айынан бери Кыргызстанга дүйнөнүн 60ка жакын өлкөлөрүнөн 15 миӊден ашуун кыргызстандык кайтарылган. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусиядан келишкен.