Дүйнөдө
Түштүк Кореяда вирустун жайылышына тиешеси бар сектанын башчысы камалды
Элита плюс
Август 02, 2020 г.
Түштүк Кореяда вирустун жайылышына тиешеси бар сектанын башчысы камалды
© Элита плюс

Түштүк Кореяда 88 жаштагы “Шин-Чонжи" христиан сектасынын башчысы 1-августта камалды.

Лии Ман-Хииге жалган маалыматтарды берген жана «далилдерди жоготууга бир нече жолу аракет кылган» деген айыптар тагылганын "Yonhap" кабарлар агенттиги жазды.

Түштүк Кореянын Тэгу шаарында февраль айында коронавирустун очогу пайда болгон. Анда сектага караштуу чиркөөгө байланышы бар 2 миңдей адам бул вирусту жугузуп алган.

Бийликтин маалыматына караганда, аталган чиркөөгө байланышы бар адамдар өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын 38% түзөт. Бул 19-июлга карата алынган статистика.

Прокурорлор билдиргендей, чиркөөнүн кызматкерлери коронавирустун жайылышын ооздуктоо боюнча бийликтин аракеттерине тоскоолдук жаратышкан.

Ал эми “Шин-Чонжи" чиркөөсүнүн жетекчилиги алардын мүчөлөрү басым-кысымга, дискриминацияга кабылып келишкендиктен маалымат бөлүшүү кыйын болгонун айтууда.

Түштүк Кореяда 31-июлга карата коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14 300дөн ашты.