Коом
Троллейбустардын санитардык-техникалык абалы текшерилди
Элита плюс
Март 30, 2023 г.
Троллейбустардын санитардык-техникалык абалы текшерилди
© Элита плюс

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жетекчилик менен биргеликте рейд өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, салондогу камералар, аялдамаларды жарыялоочу үн коштоолор, трафареттер текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги 24 сааттын ичинде оңдоого муктаж троллейбустарды оңдоону тапшырды.

Санитардык талаптарга жооп бербеген троллейбустар жеринде жууп-тазаланды. Мындай текшерүүлөр башкармалыкта айына эки жолу жүргүзүлөт.

Эске салсак, Бишкек шаарында күнүнө орто эсеп менен 135 троллейбус каттамга чыгат.