Саясат
ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү
Элита плюс
Июнь 24, 2022 г.
ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү
© Элита плюс

 Бүгүн 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйынында алгач Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов сөз сүйлөп, ТүркПАга төрагалык кылуу милдетин Кыргызстанга өткөрүп берди.

Андан соң ТүркПАнын төрагасы катары жаңыдан кызматка киришкен КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Парламенттик ассамблея түзүлгөндөн бери көптөгөн долбоорлор ишке ашырылганын, мындан ары да тыгыз кызматташтык аркылуу боордош элдердин биримдигин арттырууга ишенээрин белгиледи.

Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттер арасында саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык өнөктөштүктү өөрчүтүү зарылчылыгына токтолуп “Калыптанган достук жана өз ара ишенимге негизделген бир туугандык мамилелер аркылуу алдыга койгон максаттарыбызга биргеликте жетебиз деген үмүттөмүн”,- деп кошумчалады.  

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасы ТүркПАнын кезектеги отурумуна катышып жаткан ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин делегация башчыларына ыраазычылык билдирип, бул жыйында бир катар маанилүү маселелер караларын маалымдады.

Ал эми Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова баяндама жасап, ТүркПАнын атынын өзгөрүшү менен кызматташтыкты мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө багытталган жаңы пландар коюларын кошумчаласа, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп боордош өлкөлөрдүн байланышын өнүктүрүүгө багытталган сунуштары менен бөлүшүп, айым депутаттар жана жаш эл өкүлдөрүнүн арасында да кызматташтыкты арттыруу зарылчылыгына токтолду.