Кыргыз Республикасы Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Тийиштүү келишимге (контракт) Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри (учурда вице-премьер-министр) Чарымырат Пурчеков кол койду.
Белгилей кетүүчү жагдай, КРнын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 27-28-июнунда Түркмөнстанга жасаган расмий сапарында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргыз Республикасына электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча алдын ала макулдашышкан.
Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август айынан тарта ушул жылдын декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргыз Республикасына 501,9 млн кВт саат электр энергиясын берет. Ушул жылдын 9-августуна карата Түркмөнстандан кол коюлган контракт боюнча 19,2 млн.кВтч электр энергиясы экспорттолду.
Муну менен катар Түркмөнстандан Кыргыз Республикасына жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.