Дүйнөдө
Түркияга жөнөтүлгөн кыргыз боз үйлөрүндө окуучулар билим алууда
Элита плюс
Март 13, 2023 г.
Түркияга жөнөтүлгөн кыргыз боз үйлөрүндө окуучулар билим алууда
© Элита плюс
Түркияга жөнөтүлгөн кыргыз боз үйлөрүндө окуучулар билим алууда
© Элита плюс
Түркияга жөнөтүлгөн кыргыз боз үйлөрүндө окуучулар билим алууда
© Элита плюс
Түркияга жөнөтүлгөн кыргыз боз үйлөрүндө окуучулар билим алууда
© Элита плюс

Түркиянын Кахраманмараш шаарына тигилген боз үйлөрдө окуучулар билим алууда. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Раев Түркиянын энергетика жана табигий ресурстары министри Фатих Дөнмез, губернатор Хайдар Мете менен бирге андагы эл менен жолугушкан.

"Кыргызстандын атынан тигилген боз үйлөр шаарчасына келгенде эң оболу көзүбүзгө илинип турган эки желек урунду. Кыргыз желеги чоң, түрк желеги биздикинен бир кыйла эле кичи экен. Түрк туугандарыбыздан бул тууралуу сураганыбызда “кыргыз желегинин чоңдугу биздин кыргыз элине, өлкөсүнө болгон сыйыбыз, урматыбыз! Эң оор күндөрү кыргыз боорлорубуз биринчилерден болуп келди… Сиздерге ыраазыбыз!” деп жооп беришти.

Учурда боз үйлөрдө жапа чеккен адамдар жашап, окуучулар сабак окуп жатат. Мындан тышкары, боз үйлөрдө медпункт, психологиялык жардам, тамак ичүүчү жай бар. Түрк туугандарыбыз “Эң ыңгайлуу боз үйлөр экен” деп бир ооздон айтып жатышты. Эл менен жолугуп сүйлөштүк, ал-акыбалын сурадык. Жардам бердик. Эң эле кызыгы Кахраманмарашта да өз колубуз менен аш жасап бердик. Жапа чеккен боордошторубуздун ыраазылык сөзүн уктук. Азап тартып, кыйналып турган адамдардын ыраазылыгы башкача болот", - деп жазды Раев.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында ири кыйроолорго алып келген жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 120 адамдан турган атайын топ дароо Түркияга жөнөтүлгөн. Ага куткаруучулар, медиктер, кинологдор жана психологдор кирген. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жөнөткөн.

ӨКМ тарыхында биринчи жолу кыргызстандык куткаруучулар өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты. Акыркы эки жылда куткаруучуларды даярдоону жана кинологиялык кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандан барган куткаруучулардын командасы чоң иш аткарган - өз өмүрүн тобокелге салып, куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишти.