Коом
Түркиядан Кыргызстанга жардам келди
Элита плюс
Октябрь 02, 2020 г.
Түркиядан Кыргызстанга жардам келди
© Элита плюс
Түркиядан Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине үрөн жана жер семирткич түрүндө жардам келди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси лабораторияларга техникалык жабдууларды алып берүүгө макулдугун берген. Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) 5 тонна буудайдын, 400 кг. төө буурчактын, 400 кг. жүгөрүнүн үрөнүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментине тапшырган. Мындан сырткары, 2 тонна аммиак селитрасы жана 3 тонна аммофос минералдык жер семирткичтерин берген.
 
Департаменттин директору Таалайбек Айдаралиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат, ТИКА агенттигинин программалык координатору Осман Устага департаменттин генетикалык банк-лабораториясы, дандын, дан азыктарынын жана сорттордун сапатын экспертизалоо лабораториясы менен тааныштырды. Соңунда элчи лабораториялык корпустарды оңдоого, адистештирилген заманбап лабораториялык жана техникалык жабдуулар менен жардам берүүгө макулдугун берип, ал үчүн тиешелүү өтүнүч менен кайрылууну сунуштаган.