Коом
Түркиядан 326 кыргызстандык учуп келди
Элита плюс
Июль 08, 2020 г.
Түркиядан 326 кыргызстандык учуп келди
© Элита плюс

Бүгүн, 8-июлда Кыргызстанга Түркиядан 326 жараны кайтып келди, аларды ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жарандар «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча чартердик каттамы менен учуп келишти.

Түркия тарабынан эл аралык авиабилдирүүлөрдүн кайра жанданышына жана чет элдик жарандардын кирүүсүнө болгон чектөөнүн жокко чыгарылышына байланыштуу, бул каттам менен Малайзия, Түндүк Кипр, Израиль, Болгария, Канада жана Европа, Азия жана Африканын башка өлкөлөрүнөн биздин жарандарды Кыргызстанга кайтарууга мүмкүн болду.

Чет мамлекеттердеги жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда.