Дүйнөдө
Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 105ке жетти
Элита плюс
Ноябрь 03, 2020 г.
Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 105ке жетти
© Элита плюс
Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 105ке жетти
© Элита плюс

Түркиянын батыш аймагындагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 105ке жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча агенттигинин билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 105ке жетти. Издөө иштери дагы да улантылууда", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин жер титирөөдөн каза болгондордун саны 95ке жеткендиги кабарланган. Каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн.

Түркиядагы күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө 30-октябрда катталган. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчүн 6,9 балл деп баалашкан.

Жер титирөөдөн Измирде бери жагы 20 имараттын кулагандыгы кабарланды.